Марал Радиосу

Байсалов: Кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды

Бул тууралуу Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», — деди Байсалов.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Бишкекке 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы 2022-жылдын 20-сентябрында келет.