Марал Радиосу

Кыргыз-кытай кызматташуусу боюнча кабыл алынган документтер

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

-Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

-Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.