Марал Радиосу

Сербия: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашына жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта килемге чыккан. Ал алгачкы атаандашына жеңилип калды.

Мелдештин 1/8 финалында Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болду. Мээрим канадалык балбанга 6:5 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди.

Эми Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат.