Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 12-сентябрдагы отурумунда жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратууну сушуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечилер аны мас абалында унаа башкаргандарга жазаны катаалдатуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатында иштеп чыгышкан. Мас болуп унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн биротоло ажыратуу сунушуна жарандардын пикири кандай?
Кыргызстанда ичимдик ичип алып, унаа айдаган жарандарга каралган жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Себеби мас абалында унаа башкарган жаран жол кырсыгына кабылган учурда тийиштүү айыппулду төлөп, кайра айдоочулукту улантууда.
Бүгүнкү күндө мас абалында жана баңгизат колдонуп рулга отурган же жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуларды үч жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Ал эми мас абалында же баңгизат колдонуп жол кырсыгына себеп болгон учурда айдоочулук күбөлүк 10 жылга алынат. Айдоочу бул эрежени эки жолу кайталаса, автоунаа айдоо укугунан өмүр бою ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Мыйзам долбооруна ылайык, жол кырсыктарынын негизги себептери ылдамдыктан ашырып айдоо, каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен басып өтүү жана эрежелерден буйтап кетүү, мас абалында унааны башкаруу жана айдоо учурундагы бейбаштык болуп саналат.
Кыргызстанда өлүм менен аяктаган жол кырсыктары көп катталат.
“Жол коопсуздугунун камсыздоо” бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова катаал чараларды киргизүүнү колдойт.
Ал чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын мисал келтирип, бул мыйзам менен жарандардын жолдогу жана унаа башкаруудагы маданиятын калыптандырууга болорун белгилейт. Муну менен жол кырсыктары азаят.
Бирок ошол эле учурда айрым жаза чаралары коррупцияга жол ачаарынан кооптонгондор да жок эмес.
«Сафари» кыймылынын өкүлү, жарандык активист Эртай Исаков сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун аркасы менен коррупциялык көрүнүштөр күчөй турганын ырастайт. Ошол себептен тиешелүү органдар көзөмөлдү күчөтүп, жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин айлык акысын көтөрүп, шарт түзүп берүү менен коррупциялык аракеттерден алыстаса болот.
Искаков мыйзам долбоору абдан зарыл экенин айтып, өзүнүн сунуштарын берди.
Мас абалында унаа башкарган жарандарга катаал чараларды көрүү маселени чечеби, коомчулук буга кандай карай турганын Бишкек шаарынын тургундарынан сурап көрдүк. Алардын айрымдары мындай катаал чараларды колдойт, кээ бирлери каршы.
— Үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу дегени туура, колдойм. Ал эми өмүр бою ажыратылсын дегендерине каршымын. Себеби ар бир адам пенде да. Адашат, ката кетирет, оңолот.
— Бул мыйзам долбоорун колдойм. Себеби көп айдоочулар ичип алып айдап жатышат. Муну билебиз, көрүп да жатабыз. Жоопкерчилик болуш керек. Мунун айынан көп жол кырсыктары катталууда. Бир жолу түшүнбөсө, анда өмүр бою айдоо укугунан ажыратып салыш керек.
— Өмүр бою айдоо укугунан ажыратууга болбойт. Эгер статистиканы карап көрсөк, 100 жол кырсыгы катталса анын 2-3 учуру гана мас айдоочунун катышуусунда катталып жатат.
— Азыр аябай көп жол кырсыктары катталып жатат. Канчалаган кичинекей балдарды, кишилерди мас айдоочулар кагып кетип жатышат. Айдоочу жоопкерчиликти сезбесе, ичип алып унаа башкарса анда айдоо укугунан ажыратылып, айдабай эле койсун.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөдө беш миңдей жол кырсыгы катталып, анда набыт болгондор 500дөн ашкан.
2020-жылы 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 754 адам каза тапкан, анын 93ү балдар.
Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам анын ичинен 91и бала көз жумган.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстан бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарында турат.