Марал Радиосу

Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттардын базасы ачылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасынын ачылышы болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Анда ал сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Базанын ачылышы чек араларды кайтарууда Куралдуу Күчтөрдүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын айтты.

Өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынган.

Садыр Жапаровдун айтымында, техникалардын күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат.

«Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин», — деди ал.

«Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.

Ысык-Көлдө «Байрактар» менен тактикалык машыгуу өтүүдө