Марал Радиосу

Зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын жоокерлери эки айга камалды

Зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери 11-ноябрга чейин Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылып, өзүн зордуктаган эки жаранга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, 5-сентябрь күнү таңкы саат 04:30 чамасында Тоголок Молдо-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде унаанын арткы отургучунда зордукталган.

Кылмышка шектүүлөр аскерлер болгону айтылган. Милиция бул фактыны каттоого алып, материалдарды Аскердик прокуратурага өткөрүп берген.

Аскер прокуратурасы бул ишке шектелип А.Т. жана У.А. аттуу эки жоокер 11-сентябрда кармалганын билдирген.