Марал Радиосу

14-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.