Марал Радиосу

Дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты

GR 60kg Mirambek AINAGULOV (KAZ)

Бүгүн, 12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спортчу 60 кг салмак даражада беттешүүдө.

Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, Венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда спортчу АКШлык Илдар Хафизов менен беттешип, аны 4:0 эсебинде далысын килемге басуу менен 44 секундда жеңди.