Марал Радиосу

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Балбан Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында болгариялык атаандашын 3:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Спортчу 62 кг салмак даражада беттешип жатат.