Марал Радиосу

Дастан: Көзү азиздер журналистикада окуй албайт деген стереотипти жойдум

«Теңдик издеп» — социалдык долбоор. Негизги максаты майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн коомго алып чыгуу жана алар жөнүндө калыптанып калган терс көз караштарды жоюуга багытталган.

Бул жолку каарманыбыз 22 жаштагы параспортчу Дастан Камчыбеков. Азыркы учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде журналистика факультетинде окуйт. Биз Дастандын окууга болгон кызыгуусу, мекенге болгон сүйүүсүн жана спорт менен кантип машыгып калгандыгы тууралуу баяндап беребиз.

“Үйдүн жалгыз баласы болгонум үчүн, апам көп кайгырды. Аны билгизчү эмес…”

Көбүнчө апам кайгырды, себеби үйдүн жалгыз баласымын. Кичинекей кезимде эрке өскөм, апам мага сыртынан күлгөнү менен ичинен кайгырганы сезилчү. А атам болсо эркек адам болгондуктан көп деле байкатпады. 6-класстан бери көрбөйм, көрбөй калганымдын себеби тентектиктин айынан болду. Тоого барып, “Манас- Ордого” Кароол чоку деп коёт, досторум менен ойноп жатып, бутум ташка тайгаланып түшүп кеткенмин. Ошондо башым бираз канаган, бирок эч кимге айткан эмесмин, ата- энеме да айткан жокмун. Кийинчерээк көзүмдүн көрүүсү начарлай баштаганын байкап калдык. Мектепте доскадагы жазуулар көрүнбөй, күңүрт көрүп баштадым.

“Көрбөй калгандан кийин үйдө буюм сыяктуу жатып калдым”

Көрбөй калгандан кийин депрессия болдум. Үйдө бир буюм сыяктуу эле жатып калдым, эч ким менен байланышпай, досторум менен жакындарым менен болгон баарлашуум солгундай баштады. Ата- энем менен болгон мамилемда начарлай баштады, жалгыздыкты эле каалап калат экенсиң.

“Интернатка келгенде башка планетага келгендей болдум”

 Беш-алты ай окубай үйдө эле олтуруп калдым. Ата- энем мени шаарга көзү азиздер интернатына алып келишти. Мени шаарга алып келишкенде ичимден жаман болуп жаттым, неге мени мындай кылып жатышат, неге мени алыстатып жатышат деген ойлор болду. Интернаттагы биринчи күнүм башкача өттү. Өзүнчө бир башка планетага келип калгандай болду, мен орус класста окуган эмесмин, орусча билбейт болчумун, бир эле “хлеб” деген сөздөн башкасын айтуу кыйын болчу. Окуум да артка кетти, ал жакта кол менен окуганды үйрөнүш керек болчу, ошону үчүн мени бир класс ылдыйга олтургузушту. Ал жакта кол менен жазганды, окуганды үйрөндүм.

“Мугалимдерибиз бизге баарын үйрөттү”

Көзү азиздер федерациясында алты ай окудум. Ал жакта ата- энең менен байланыш болбойт. Бизге сабак берген мугалимдердин да көздөрү азиз болчу. Биз ал жакта таяк менен басканды, “брайл” системасында окуганды, жазганды, өз алдынча тамак жасаганды, компьютер жана телефонду кантип колдонуу керктигин үйрөндүк. Алар  бизге өзүбүздү кандай болсок, ошол абалда кабыл алганды үйрөтүп, наристе сыяктуу эле баарын жаңыдан баштадык. Мурда мага көзү азиз, сокур деген сөздөр менин намысыма өтө катуу тийчү. Алты айлык курсу окуп чыккандан кийин мен өзүмдү кабыл алдым, ал сөздөргө маани бербей калдым.

Мен 9-класста дагы деле депрессиядан чыга элегимди байкадым, сыртымдан күлгөнүм менен ичимде сыздаган сезим бар эле. Айылга эле кетким келе берчү, 9- классты бүтсөм кетем, 10- кластты бүтсөм эле кетем деп жүрдүм. Агайларымдын түрткүсү менен 11- класска чейин калып окудум, 11- класста менин окуум жакшыра баштады, ар кандай ийримдерге катыштым. Ийримдерден комуз чертүүнү, сыбызгы ойноону үйрөнүп, конкурстарга катышып жүрдүм. “1% талант, ал эми 99% аракет” деп айтышат эмеспи, аракет кылып Жалалидин Абдубалиев деген агайым менен сууда сүзүүнү үйрөнө баштадым. Биринчи жолу мени бассейнге алып барып, азыр спорттун “Триатлон” деген түрү менен машыгам. Спорттун арты менен көпттөгөн ийгиликтерге жетиштим, чет өлкөлөргө чыгып байгелүү орундарды багынттым. Башында трамва алып, колдорум көгөрүп жүрдү, ошого карабай аракет кылып, ушул деңгээлге жеттим. Ата- эне деген “ата- эне” экен, баласы үчүн кыжаалат болот. Менин спортко катышуума каршы болушту, бирок мендеги күч алдыга сүрүп кетти.

“Майыптыгы бар адамдардын да колунан бардык нерсе келерин далилдегенге ар дайым аракет кылам”

 Азыркы учурда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин 3-курсунун студентимин. Университетке келип, журналистика факультетин тандадым. Мугалимдер бул бөлүмдө окуу мага кыйын болорун, ал жакта бюджеттик орундар жок экенин айтышты. Мен келечекте спорт жаатындагы журналист болгум келчү, кээ бир мугалимдер мени оюмдан кайтарууга аракет кылышты. Мен баарына түшүндүрүп бердим, бизде сүйлөөчү программа бар экенин көрсөтүп, далилдеп бердим. Биринчи курс мен үчүн кызыксыз болду, анткени карантинге байланыштуу онлайн окуу, тоскоолдуктар көп болду, билим алуу кыйын болду. 2021- жылы 2-курска келгенде мен өзүмдү 1- курстун студенттериндей эле алып жүрдүм. Себеби, ал имаратка көнүү, аудиторияларды табуу, аларга багыт алуу кыйын болду. Группалаштарым менен мамилебиз аябай жакшы. Алар мага көп нерседе жардамчы болуп турат. Мугалимдердин айтымында, журналистика бөлүмүндө биринчи жолу көзү азиз студент окуп жатат экен. Мен университетке келгенден бери бираз да болсо, майыптыгы бар жарандарга болгон көз карашты өзгөртө алдым десем болот. Майыптыгы бар адамдар да коомдун толук кандуу мүчөсү, алардын колунан бардык нерсе келерин далилдегенге аракет кылып келем.

Ар бир адамга мактоо керек. Мисалы, көзү көрбөгөн бир адам кандайдыр бир иш аткарса, аны мактап коюу керек. Ошондо адам өнүгөт- өсөт, менин да колумдан келет турбайбы, жасаса болот экен деген сезим пайда болот. Адамды мактап, жакшы, жылуу сөздөрдү айтып көңүлүн көтөрүп, аны бактылуу кылса болот. Ошол жасаган ишин мындан да мыкты жасаганга, дагы да так аткарганга аракет кылат.

“Көзүңдү май басканга караганда, көкүрөгүңдү май басканы жаман экен”

Спорт адамдын ичиндеги энергиясын топтоп берет. Башкача айтканда, адам бук болгондо, бир гана көзү көрбөгөндөрдө гана эмес баардык эле адамда мындай абал болот. Ошонун баарын спорт аркылуу чыгарып салса болот. Мен өзүмдү спорттон таптым, албетте,  кыйынчылыгы болот анын арты менен ырахаты да келет. Машыкканда кадимкидей жеңилдеп калам. Спортсуз бир да күнүмдү элестете албайм. Бир күн машыкпай койсом жан дүйнөм кыйнала берет. Спорт адамды тактыкка, жоопкерчиликке жана чыдамкайлыкка үйрөтөт.  Мени “Дастан” деп кармап турган нерсе спорт, комуз жана сыбызгы. Булар менен алектенип өзүмдү кармап турам. Адамдын алдыга койгон максаты болбосо ал адамдын жашоосу караңгы. Мен келечекте олимпиада чемпион болууну каалайм, алдыда максаттар көп. Аларга жетүү үчүн тепкич-тепкич басып чыгып кете берем. Ал нерсе мени өзү жетелей берет. Көзүм көрбөй калганда көп нерсе жасаганга жол ачылды. Көздү май басканга караганда, көкүрөктү май баскан жаман экен. Себеби, адам көкүрөгү менен иш кылганда баардык нерсени алдын ала туя билет жана көрө билет. Мен азыр деле теңдик издейм. Мисалы, көзү көрбөгөн адам дени сак адам менен тең болом десе алар жасаган иштин эки эсе көбүн кылышы керек. Алар эки бет китеп окуса сен үч бет китеп окуп кой.

«Теңдик издеп» — социалдык долбоор. Негизги максаты майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн коомго алып чыгуу жана алар жөнүндө калыптанып калган терс көз караштарды жоюуга багытталган.

 

 Даярдаган Азамат Убраимов

 

Exit mobile version