Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус болот.