Марал Радиосу

Зулушев менен Төрөбаев Кара-Кулжанын эли менен жолугушууда

Бүгүн, 10-сентябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, жыйында жергиликтүү тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, кайрылууларын узатышты.

Башкы прокурор ар бир кайрылуу мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушууга Кара-Кулжа районунун 300дөн ашуун тургуну катышып жатканы белгиленген.

Мындай жолугушуулар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.