Марал Радиосу

Прокуратура: Оштун Монуев көчөсүндөгү имарат мыйзамсыз курулган

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош шаарынын Монуев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу турак жай комплексин, жер астындагы автопаркинг жана соода борбору менен долбоорлоого берилген уруксат документтери каралып, текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган имарат бир катар нормалар эске алынбай, толугу менен мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version