Марал Радиосу

Өзбекстандагы элчи менен ТҮРКСОЙдун башкы катчысы жолугушту

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаевдин түрк маданиятынын Эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун алкагында элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыгына, маданий кызматташтыкты бекемдөөнүн келечегине жана пландарына кыскача токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттердин маданий байланыштарын өнүктүрүүдө жана чыңдоодо ТҮРКСОЙ уюмунун чоң ролу белгиленип, быйыл Изник ​​шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле маданият тармагындагы кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү үчүн элчилик менен уюмдун ортосундагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Султан Раев Өзбекстанда Манастын эстелигин орнотуу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Exit mobile version