Марал Радиосу

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болду

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бакытбек Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган. Ал юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты. 2020-жылдын ноябрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп келген.