Марал Радиосу

УКМК: Ошто үч жаран 17 кг баңгизат менен кармалды

8-сентябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде коррупцияга каршы элдик курултайдын «Элдик палатасы» коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалды. Алардын жанынан жалпы салмагы 17 кг 192 гр болгон баңгизаты табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө Турция-Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Exit mobile version