Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33 градус болот.