Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титиреди.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.