Марал Радиосу

Жапаров: Бала бакча тарбиячыларынын айлык акысы эки эсе жогорулатылды

Бишкек шаарынын Жал-29 кичи районунда бала бакча ишке берилди. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.

Бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1484 чарчы метр. Долбоордун сметалык наркы 88 499,0 миң сомду түзөт.

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү максатында 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталган. Бул тапшырманы аткаруу үчүн жалпысынан 3 млрд сом бөлүнсө, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом бөлүнгөн.

«Бүгүн биз жаңы бала бакчаны ачып жатабыз. Быйылкы жылы 86 билим берүү объектисинин курулушу жыйынтыкталат. 35 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, ал эми 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө», — деди Жапаров.

Бала бакчадагы тарбиячылардын айлык акысы эки эсеге жогорулатылып, 25 миң сомду түзөт. Ал эми кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы үч эсеге жогорулатылганын өкмөт башчы кошумчалады.

Балаңыздын мектепте жакшы оку(ба)ганынын себебин билесизби?