Марал Радиосу

Света: Эң чоң кыялым балдарымдын мектебине баруу

«Теңдик издеп» — социалдык долбоор. Негизги максаты майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн коомго алып чыгуу жана алар жөнүндө калыптанып калган терс көз караштарды жоюуга багытталган.

Биздин бул жолку каарманыбыз — 34 жаштагы Света Эсенказиева. Ал 10 жыл мурда авто кырсыкка кабылып, эки буту баспай калган. Азыркы учурда майыптыгы бар адмадардын “Равенство” коомдук фондунда иштейт.

«Мен, Света Эсенказиева, 34 жаштамын. Азыркы тапта майыптыгы бар адамдардын “Равенство” коомдук бирикмесине караштуу, “Көз карандысыз жашоо” борборунда админстратор болуп иштейм. Бул жерде 18 жаштан 35 жашка чейинки майыптыгы бар балдарды акысыз карайбыз. Бул жакта биз топ-топко бөлүп окутабыз. Азыр экинчи топ бүттү. Балдарга биз окуганды, жазганды, тамак жасаганды, идиш жууганды, үй тазалаганды үйрөтүп жана ар кандай ийримдерге алып барабыз. Күн сайын балдарды үйлөрүнө жөнөтүп коюп, 10- 15 мүнөт машыгам. Кечке олтурганда муундар, буттар уктап калат анан, бутум калыбын сактап калыш үчүн машыгып турам. Менин бутум тиземе чейин эле сезет, ошонун күчү менен тебем. Башында белден ылдый иштечү эмес, ар кандай машыгуулар, дарылануунун натыйжасында тиземе чейин иштеп калды.

“19 жашымда турмушка чыгып, 24 жашымда кырсыкка кабылдым”

11- классты бүтүп, Бишкекке келип тигүүчүлүктү окуп, бычмачы болуп иштедим. 19 жашымда турмушка чыккам, 24 жашымда авария болдум, 2013- жылы 8- март күнү. Мен авария болгондо эле белимден экенин дароо билгем. Баш жагым өзүнчө, бел жагым өзүнчө болуп жатып калгам. Дарыгерлер “жада калса олтура албайт, бир гана Кудайдын колунда” дегенинен үйгө барып, тынымсыз эле аракет кыла бердик. Атам күн сайын бутума массаж жасачу.

“Күндө эрте менен күзгүгө олтуруп алып, өзүмө сен күчтүүсүң, сен сулуусуң деп айтам…”

Адам биринчи өзүнө-өзү ишениш керек экен. Өзүн-өзү сүйүп, эгер адам өзүн – өзү сүйбөсө, жакшы көрбөсө, аны ким жакшы көрмөк эле. Мен өзүмдү ушул бойдон кабыл алам, күзгүгө олтуруп алып “сен күчтүүсүң, сен сулуусуң, сен Кудайдын адамысың” деп өзүм менен күндө сүйлөшөм. Анан жумушумду баштайм.

“Кээде таксистер бизди көрүп албай кетип калган учурларда болот”

Биз күн сайын кандайдыр бир жумуштар менен көчөгө чыгып турабыз. Жумуш боюнча чакырганда корпаративдик такси чакырабыз, а өзүбүздүн жумуш менен такси чакырганда кыйын эле болот. Кээ бир таксилер “жол алыс болуп жатат албайбыз, отмена кылып койгула” дегендер да болот. Биздин көпчүлүк акчабыз таксиге эле кетет, себеби биз күн сайын таксиге чыгып турабыз. Орточо эсеп менен бир күндө 600, 800 сомго чейин таксиге кетет. А биздин алган пенсиябыз 7 миң, анын көпчүлугү эле жолубузга кетип калат. Кээ бир таксистердин мамлеси орой болот. “Коляскаңарды салбайбыз”, “коляскаң батпайт” дегендер болот, а кээ бири адамгерчиликтүү, кичипейилдик кылып жардам берип, колясканы салып, кээде бир канча жерге барыш керек болгондо күтүп, кээде акчасын албагандар бар.

“Жолдун начардыгынан жалгыз чыгуудан коркосуң”

Биздин жолдор талапка ылайык жооп бербейт. Өзүң жалгыз чыгуудан коркосуң, бирөөнү ар дайым жаныңда алып жүрүп, жардам бериши керек болот. А жалгыз жүрсөң чалкаңдан кулап калсаң, бирөө тургузушу керек. Майыптыгы бар адамдар үчүн бизде толук шарт түзулгөн эмес. Мисалы: коомдук транспортторго чыгуу үчүн аялдамаларга бара албайбыз, автобустарга чыга албайбыз, кээ бир троллейбустарга да чыгууга мүмкүнчүлүк жок, жолдордо өз алдынча жүрүү да кыйын, ооруканага кирип, караоодон өтүү өзүнчө бир азап. Троллейбустун ичинде баардык шарттар каралган, бирок бизде алар иштебейт. Ошол эле маалымат берүүчү баскычтар, пандусу бар, көңүл буруп караган киши жок. Биз майыптыгы бар адамдарга шарттар каралганбы деген максатта 36 шайлоо участкасын кыдырдык. Бирок ошончо шайлоо участкасынын ичинен болгону эки эле участкада бираз шарттары бар экен.

“Терезеден карап мурда чогу кылган иштерди жалгыз жасап жатканын көрүп жолдошума боорум ооручу”

Кедээ терезеден жолдошума карап боорум ооручу, себеби мурда иштердин баарын чогу чуркап кылчубуз, кийин баарын өзу аткарып калды. Экөөбүз олтуруп сүйлөшкөндө “үйлөнөйүн” деди, мен да макул деп, кеттим. Азыр балалуу болушкан. Менин да балдарым бар, кайнене-кайнатамдын колунда, ошолор багып, өстүрдү. Өзүң макул болгон менен жүрөк бергиси келбейт экен, ошол убакытта катуу стресске кабылдым. Мен мындай болсом, жолдошум үйлөндү деп ыйлап өткөргөн күндөрүм болду. Жакындарым алаксытканга аракет кылды. Кайненем чалып жүрдү “биз сени кызыбыздай эле жакшы көрөбүз, каалаганда келип турасың” деп көңүлүмду алганга аракет кылышты.

“Менин жашоом 100%га өзгөрдү”

Кийин ооруканага жатканда, ал жерде мен сыяктуу адамдар менен тагдыр жөнүндө сүйлөшүп олтуруп, уюмдар бар экенин айтышты. Мен мурда “өзүм жалгызмын” деп ойлой берчү элем. Роза Бегалиева деген эже мени бир жыл бою чакырып жүрдү, курстар башталды келсең боло деп. Мен ага чейин баш тартып койгон элем, бул жолкусунда сиңдим: “бара берсең, эмне сени кармап калышмак беле, жакпаса келе бересиң” деп айтты. Алар антип айткан сайын “мени үйдөн кетире албай жатышат” деп мен жаман болом. Бирок ошол жака барып, жашоом 100% өзгөрдү десем болот. Мен мурда аябай тартынчаак болчумун, кийин майыптыгы бар адамдардын марафонуна катышып, ал жерден 1-орунду алып, тартынчаактыгымды ошол жерден жеңе алдым. Кийин майыптыгы бар аялдардын сулуулук конкурсуна катыштым.

“Менин эң чоң кыялым балдарымдын мектебине баруу”

Азыр деле балдарым менен сүйлөшүп турам. Сагынат экенсиң, баары бир балаң да. Сүйлөшүп жатып кээде жашып калсам, “ээ мама, ыйлаба, сүйлөшпөй койом, жүрөктү оорутуп ыйлай бересиң”-, дейт. Анан “ии, макул, ыйлабайм” дейм. Мен балдарым үчүн жашайм, ошолор менин бул жашоодо жашаганыма түрткү беришет. Келечектеги планым — балдарым чоңоюп, окууга келгенче үйлүү болуу. Балдарымдын кантип чоңойгонун көргөн жокмун, анткени ооруканада көп жүрдүм. Мен кырсыкка кабылганда кызым 3 жарым жашта, балам 1 жаш 6 айлык болчу. Ошолор чоңойгондо кичине болсо да энелик мээримимди берсем дейм. Кызымды 1- класска жетелеп барган жокмун да, ошол нерсе мени аябай өкүндүрөт. Кызым “мама, кыздардын апасы мектепке келип жатат, сиз деле келип бериңизчи” деп айтып калчу. Анан мен “мындаймын да” десем, “ушундай болсоңуз деле боло берет, бир жолу барып бериңизчи” дегени жүрөгүмдө турат. Мейли ушундай болсом деле, бир күн мектебине барсам деп кыялданам.

“Басып жүрүп жетишпеген ийгиликке, азыр жетишип жатам”

Мен басып жүргөндө жетишпеген ийгиликтерге азыр жетишип жатам. Кабыл алыш аябай оор болду, басып жүрүп, олтуруп калган кыйын экен. Азыр дале ишене албай кетем, көп кабаттуу үйдө жашап жүргөндө кээде балкондо туруп, басып бараткан адамдарды көрүп ыйлагың келет. Баскың келет да. Кээде бутумду кыймылдата берчү элем.

Ушуга да шүгүр, мен күчтүүмүн. Мага дем, күч берген — балам менен кызым. Кызым кичинекей кезинде ”мама, ыйлабачы, бир күн сагада күн жылмаят” деп айтып калчу. Ушул убакка чейин ошол сөзүн эстейм, мына күн жылмайып келе жатат дейм»…

Даярдаган Азамат Убраимов

«Теңдик издеп» — социалдык долбоор. Негизги максаты майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн коомго алып чыгуу жана алар жөнүндө калыптанып калган терс көз караштарды жоюуга багытталган. Долбоордун каарманы Света Эсенказиева менен болгон маекти бул жерден көрүңүз:

Exit mobile version