Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Кыргызстанда адам укукгун коргогон мыйзамдар бар болгону менен анын аткарылышы негизги маселе экендигин айтты.
«Мыйзамдар кабыл алынганы менен, жазалар күчөтүлгөнү менен кылмыштуулук токтоп калган жок. Негизги көйгөй мызамдардын аткарылышында. Ошондуктан мыйзамдардын арткарылыш боюнча Башкы прокуратура жооп бериши керек».
Ошондой эле ал Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке кийинки жумада келип, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышы, аткарылышы боюнча маалымат берүүсүн талап кылды.
Анын айтымында, башка тийешелүү органдарды, Өкмөттү, ИИМди парламентке чакырганы менен маселе толугу менен чечилбейт. Өлкөдөгү мыйзамдуулук, адам укугунун сакталышы боюнча Башкы прокуратура кызматы жооп бериши керек.