Марал Радиосу

Кыргызстанда жылына эки жолу тазалык күнү өтөт

Президент Садыр Жапаров «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, улуттук тазалык күнү белгиленип, ал жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Тийиштүү мекемелер тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурат.

Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Дүйнөлүк тазалык күнү» (World Cleanup Day) экологиялык акциясы өткөрүлүп келет.

Бул жарандык акциянын алкагында жаратылыш аймактарын тазалоо, жер-жерлерде агартуу акцияларын өткөрүү, таштандыларды иштетүүнүн заманбап системасын, өзүнчө чогултууну жана кайра иштетүүнү, экологиялык жашоо образын, экологияга келтирилген жеке жана коомдук таасирди азайтуу жана туруктуу өнүгүү боюнча сөз болот.