Марал Радиосу

Мамлекет дыйкан менен ортомчуларды аныктоо аракетин көрүүдө

Жаңы Салык кодексине ылайык, айыл чарба өндүрүшү тармагындагы салык төлөөчүлөр 1-сентябрга чейин эсептик каттоодон өтүшү керектиги айтылган. Бул норма кайра иштетүүчүлөрдү жана сатуучуларды көмүскөдөн чыгарууга багытталган.

Бирок дыйкан чарбалары сентябрь айына чейин катталып бүтпөгөндүктөн анын мөөнөтүн узартуу жана бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бизнес өкүлдөрү суранышкан.

Дыйкандарды эсептик каттоо кандай жүргүзүлөт, кимдер каттоодон өтүшү керек, эгер катталбай калса эмне болот, ушул жана башка суроолорго «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасында жооп алдык.

Уктурууга Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков, ЖИА бизнес ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев катышты.

«Марал»: Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн эсептик каттоого алуунун кандай зарылчыгы бар? Кимдер катталышы керек?

Кубанычбек Ысабеков: Негизи мамлекеттин айыл чарбасын кыйнап же бир түйшүккө салуу максаты жок. Эски салык кодексинде да, жаңы салык кодексинде да жеңилдиктер сакталган.

Эми дыйкандарды каттоо боюнча айтсам, салык кодексиндеги жобонун эң биринчи максаты – мамлекет тарабынан жеңилдиктер кимге берилип жатканын аныктоону гана көздөйт. Башкача айтканда, өз мээнети менен иштеп, продукциясын сатып жүргөн айыл чарба өндүрүүчүсү же дыйкандын  каттоого туруусунда эч маселе жок. Алар бардык салыктан бошотулган, болгону мүлк жана жер салыгы бар. Быйыл жер салыгынан да үч жылга бошотулушту.

«Марал»: Дыйкандарды каттоо эмне себептен керек болуп жатат?

Кубанычбек Ысабеков: Анткени дыйкан эмес, эч кандай азык өндүрбөй туруп пайда көргөн ортомчулар бар. Продукцияны дыйкандардан сатып алып, кайра иштетүү ишканаларына, дүкөн, базарларга сатып, өзүн айыл чарба өндүрүүчүсү катары көрсөтүп, салыктардан качып жүргөн ишкерлер да болуп жатат.

Ошондуктан дыйкандарды эсептик каттоого алуу боюнча норма салык кодексинде көрсөтүлгөн. Ал быйыл 1-январда күчүнө кирген. Ага ылайык, сентябрга чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрү эсептик каттоодон өтүшү керек деген талап коюлган.

Кимдер каттоодон өтүшү керек?

Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, айыл чарба кооперативи, айыл чарба тармагындагы соода логистикалык борборлор каттоодон өтүшү керек болчу. Бирок андан бери сегиз ай өттү, бул жетиштүү убакыт деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, 250дөн ашык дыйкан гана каттоодон өттү.

Июль айынан бери бизнес ассоциациялар, айыл чарба тармагынын өкүлдөрү кайрылып, ар кандай суроолор болуп жатканын айтышты жана каттоонун мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнүштү. Айрымдар такыр эле жоюп салууну талап кылышты.

Ишкерлерди колдоо — Экономика жана коммерция министрлигинин түздөн-түз функциясы. Бирок ошол эле учурда, коомчулук тарабынан да, бийлик тарабынан да көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу талабы коюлуп жатат. Ошондуктан күчтүү салык системасы ишке кирди, бул оңой эмес процесс, бирок биз мындан өтүшүбүз керек.

«Марал»: Карапайым элдин көбү дыйкандарды каттоо ашыкча түйшүк экенин, мунун кереги жок экенин айтып жатат. Ишкерлер кандай альтернативдик жолду сунуштайт?

Калыгул Салиев: Бул маселе акыркы айдан бери талкуулана баштады, себеби мөөнөтү келип калды. Ага чейин башка маселелер, мисалы ККМ аппараттары көбүрөөк талкууланып, дыйкандардын каттоодон өтүүсүнө көп көңүл бурулбай калды.

Бирок калктын 70 пайыздан ашууну айылда жашайт. Ар бир кыргызстандыктын айылда жер үлүшү бар. Ошондуктан бул мыйзам 7 миллионго чукул калктын көбүнө тиешеси бар.

Биз дыйкандарды эсептик каттоодон өткөрүү жобосун алып салуу же болбосо бир канча мөөнөткө узартуу сунушун киргенбиз.

Негизи экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун мааниси абдан зор, максат абдан жакшы. Чынында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн продукцияны арзан баада сатып алып, базарга кымбат саткан ортомчулар көп.

Мындан тышкары, буудайдан ун жасаган, алмадан шире жасаган жана башка кайра иштетүүчүлөргө кымбат баада саткандар бар. Алар көп пайда көргөнү менен мамлекетке салык төлөбөй жүргөндөр. Ошолорду ачыкка чыгаруу максатын көрүп жатабыз. Бирок дыйкан чарбаларына, экспортчуларга зыян тийгизбеш керек. Артык кылам деп, тыртык кылуудан алыс болуу керек.

Мисалы, алып сатарларды көмүскөдөн ачыкка чыгаруу кыйын деле эмес. Алар кайра иштетүүчүлөргө, цехке айыл чарба продукциясын алып келди дейли, ошондо деле документтерин талап кылса болот. Же экспортчулар айтып жатат, биз өзүбүздүн сатуучуларды тааныйбыз, алар дыйканбы же ортомчубу, айырмалап беребиз деп жатат. Себеби кайра иштетүүчүлөр менен экспортёрлор экономиканы көмүскөдөн чыгарууга өздөрү эле кызыктар болушат.

Андан тышкары, салыктан качып жүргөн ортомчулардан жер үлүшүнүн документтерин талап кылса болот, жок болсо анда түшүнүктүү, бул дыйкан эмес.

Салык кодексинде айыл чарба өндүрүүчү ким деген суроого так жооп бар. Алар – тапкан кирешесинин 75 пайызынан кем эмеси жерден алынган болсо, анда ошол субъекти айыл чарба өндүрүүчүсү болуп эсептелет. Эгер андан азыраак болсо, башка кирешелери да болсо, анда салыктын башка түрлөрүн төлөшү керек.

Биз ушул сыяктуу сунуштарды берип жатабыз. Себеби өлкөдө миллиондогон дыйкан чарбалары, айыл чарба кооперативдери, соода логистикалык борборлору бар. Алардын баарын каттоо түйшүк жаратат.

«Марал»: Жергиликтүү салык башкармалыктарында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каттоосу ансыз деле бар. Дыйканды убарага салбай, ошол маалыматтар аркылуу каттаса болбойбу?

Калыгул Салиев: Негизи каттоонун үч түрү бар. Биринчиси, мамлекеттик каттоо — кадимки эле субъектинин мамлекеттик каттоого алынуусу. Дыйкан чарбалар жөнүндө мыйзамда жазылгандай, дыйкан чарбалардын эки түрү бар, бири юридикалык жакты уюштуруу менен түзүлгөн, экинчиси юридикалык жакты уюштурбай түзүлгөн дыйкан чарба. Башкача айтканда, 1994-жылдан баштап агрардык жер реформасы жүрүп, дыйкан чарбалар каттоодон өткөн, бардык маалыматтар бар десе болот.

Экинчиси, салыктык каттоодон да өтүшкөн. Азыр биз сөз кылып жаткан эсептик каттоо, бул жаңы салык кодексинин талабы. Бирок дыйкан чарбалар тууралуу маалыматтардын баары Салык кызматында бар, ошонун негизинде эле өздөрү эсептик каттоодон өткөрүп койсо болот.

Физикалык жактан жетишүү да кыйын. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунда эле 400 миңден ашуун эл жашайт. Анын көбү дыйканчылык менен алектенет. Баарын каттоого алууга салыкчылар дээрлик жетишпейт.

Санариптештирүү процесси жүрүп жатат, «Түндүк» мекемелер аралык маалымат алмашуу тутуму бар, ушундай инструменттерди колдонуп, элди кыйнабай, оңой жолдор менен маселени чечсе болот.

«Марал»: Каттоодон өтпөй калса кирешесинин 10 пайызын кимдер төлөөгө милдеттендирилет?

Кубанычбек Ысабеков: Кирешесинин 10 пайызын дыйкандар эмес, алып сатуучулар, ортомчулар төлөшү керек болот. Мындай талап Салык кодексинин эски редакциясында да бар болчу. Азыркы учурда эмнеге бул талап иштеши керек болуп жатат?

Анткени мамлекет айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө бардык шартты түзүп, салыктан бошотту. Ортомчуну эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү дыйканды.

Ошондуктан дыйкан чынында эле өндүрүүчү экенин тастыктап, каттоодон өтүп коюшу керек. Мамлекет чыныгы дыйканга жардам берип жатканын билүүнү көздөөдө, болгону ошол.

Маектин видео вариантын ушул шилтеме аркылуу көрүүгө болот. 

Exit mobile version