Марал Радиосу

Кыргыз драма театрынын жаңы сезонунун ачылышында «Төлгө» спектакли көрсөтүлөт

Эртең, 6-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры күзгү сезонун ачат. Бул тууралуу театрдын расмий сайтына жарыяланды.

Театралдык сезондун ачылышы Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» эпикалык спектакли менен башталат.

«Төлгө» спектакли «Манас» темасын баяндап, жаш муундарды мекенчилдикке, кайраттуулукка, өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жан аябай кызмат кылууга үндөйт.

Спектакль кечки саат 18:30да башталат. Билет баасы 200 сомдон 300 сомго чейин.