Марал Радиосу

ЖК комитети Гулнара Батырованын талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна сунушталып жаткан Гулнара Батырованын талапкерлиги каралып, колдоо тапты.

Талкуу маалында депутат Гүлкан Молдобекова акыркы эки жыл аралыгында аталган министрликтин айланасында көптөгөн окуялар орун алганын айтып, жигердүү иш алып баруунун зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына жаңы фельдшердик-акушердик пункт куруу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Надира Нарматова аялдардын аткаруу бийлигине келип жатканы жакшы жышаан экенин айтып, талапкер саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жаатында алгылыктуу аракет көрө тургандыгына ишенерин кошумчалады.

Гулнара Батырова 2022-жылдын 23-августунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.