Марал Радиосу

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 3-сентярбда саат 22:28де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол, айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version