Марал Радиосу

Кыргызстандык волейболчулар Азиянын чакырык кубогун утту

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азиянын чакырык кубогунун жеңүүчүсү болду.

Турнир 29-августтан 3-сентябрга чейин Чолпон-Атада үч команданын катышуусу менен өттү.

Кечээ, 3-сентябрда беттештин акыркы оюндары болуп өттү.

Оюндун алгачкы эки партиясында Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиясына каршы ойноп, 0:2 эсебинде артта калды, бирок андан кийин катары менен үч партияны жеңип, 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.

3-орун үчүн болгон беттеште Өзбекстандын курама командасы 3:2 эсебинде Монголияны жеңди.