Марал Радиосу

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилиги алмашты

 Элдияр Калдарбеков «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары, Кубанычбек Турдукожоев, Кубанычбек Рисбаев, Бекмурза Өмүралиев төраганын орун басарлары болуп дайындалды.

Кечээ, 2-сентябрда «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары кызматтан кеткен. Жарасул Абдураимов «Кыргызалтындын» төрагалыгына быйыл 11-апрелде дайындалган.