Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасындагы 3 өткөрүү пункту убактылуу иштебейт

Кыргыз-казак чек арасында үй көзөмөл- өткөрүү пунтунда убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, чектөө тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу.

Адамдарды, унааларды, жүктөрдү ткөрүү төмөнкү убактарда токтотулат:

— 11:00дөн 13:00гө чейин «Ак-Тилек-  автожол» пункту;

— 14:00дөн 16:00гө чейин «Кең-Булуң-автожол»;

— 17:00дөн 20:00гө чейин «Токмок-автожол» өткөрүү пункту.

Кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.

Алар: 

— Чүй облусундагы – «Токмок-автожол», «Кең-Булуң-автожол», «Ак-Жол-автожол» жана «Чалдыбар;

— Талас облусунда– «Чоң-Капка-автожол.