Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге «Даңк» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.
Сыйлык депутатка өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген.
Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №12 Өзгөн округунан депутат болуп шайланып келип, парламентте көпчүлүктү түзгөн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кошулган. Ошол эле учурда Сатыбалдиев Азия волейбол конфедерациясынын башкы катчысы кызматын да аркалайт.