Мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.
Расмий маалыматта Апас Жумагуловго бул наам жана «Ак Шумкар» ордени Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылган.
Апас Жумагулов 1986-1991-жылдары Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасы, 1993-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. 1999-жылы геология жана минералогия илиминин доктору наамын алган.
Медеткан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды