Медеткан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы билдирди. Маалыматта мындай даража мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылат. Медеткан Шеримкулов учурда Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды