Бишкек шаарынын Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, эми Алтын-Ордо конушунун балдары Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы №98 мектепте окушат.
Аталган мектеп үч айда курулган.
Белгилей кетсек, быйыл биринчи жолу Бишкекке 15 мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнгөн.