Бүгүн, 1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара саат 10:00дө парламенттин жалпы жыйындар залында өтөт.
Эске салсак, 30-июнда депутаттар Жогорку Кеңеш регламентин кабыл алып, эки айлык эс алууга тарашкан болчу.
Депутаттардын көпчүлүгү жайкы эс алууда аймактарда болуп, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөндүктөрүн социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүштү.