Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +22…+27,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.