Марал Радиосу

Бишкекке «Город 312» тобу келди

Кечээ, 29-августта Бишкек шаарына «Город 312» тобу келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар бүгүн, 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүүнүн расмий бөлүгүнө катышат.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте концерт тартуулашат.

Министрликтин дагы бир маалыматына ылайык, кечээ Бишкеке КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча оюнчуларынан турган курама команда дагы келген.

Бүгүн, 30-август күнү КМШ жана Кыргызстандын курама командасы саат 11:00 Нователь мейманканасында маалымат жыйын өткөрөт.