Марал Радиосу

Депутат Орусиядагы элчилик менен кыргыз диаспорасын активдүү кызматташууга чакырды

Кечээ, 28-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Жогорку Кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Москва шаарынын жана Москва районунун аймагында иштеген мигранттар менен жолугушту.

Жолугушууда мекендештердин негизги актуалдуу көйгөйлөрү талкууланган. Ошону менен бирге элчи Гүлнара-Клара Самат келген мамлекетте Кыргыз жарандарынын укуктук абалын мыйзамдаштыруунун тартиби жөнүндө маалымат берген.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жыйындын катышуучуларына жаштар арасында алардын адеп-ахлактык жүрүм-турумуна карата түшүндүрүү иштерин жигердештирүү сунушун билдирип, жыйында көтөрүлгөн бардык маселелер көз жаздымда калбай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар оор турмуштук кырдаалга туш болгон мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн элчилик менен кыргыз диаспорасынын активисттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча макулдашышкан.

Бул контекстте аялдардын жана жашы жете элек жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулат.