Бүгүн, 29-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 236 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 395 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 287 куб метрге жетүүдө.