Марал Радиосу

Касмамбетов: Балага зомбулук көрсөткөндөрдү эч аёосуз жазалаш керек

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда, эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-зомбулук кылмыштарынын кескин өсүп жатышы кооптондурарын белгилеген.

«Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдардын алдында өзүнө балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир топ милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек» , — деди ал.

2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кыздарды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84 %ы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары, 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага кертбашын коргоо ордери берилген.

Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Мындай оор кылмыштардын 80 %ы тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алардын арасында ошол балдардын өз атасы болгон учурлар бар.

«Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар же жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турат. Жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык.

Мына ушундай жагымсыз жагдайларды эске алуу менен, азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү болуп саналат. Программада камтылган иштиктүү жоболор менен бирдиктүү чаралардын тутуму эми колго алынат деген ойдомун», — деген мамлекеиттик катчы.

Мамлекеттик катчы ошондой эле президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 8-августунда «Балдар жөнүндө» кодекске кол койгондугун, ал 23-августан тартып күчүнө киргендигин, жаңы кодекстин жоболоруна ылайык, балдарды зордуктаган жактарга карата жазага тартуу күчөтүлгөндүгүн белгилеген.