Марал Радиосу

Нарын мэри «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине унаа белек кылат

Нарын шаарында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Алтын сертификат алган окуучулардын мугалимдерине унаа белек кылынат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кечээ, 25-августта Нарын шаарында өткөн мугалимдердин август конференциясында билдирди.

Мэрдин айтымында, унаа белек кылуу келээрки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча берилет жана каржы булактарын табууну өзү көзөмөлдөйт.

Калаа башчысы мындай иш-аракеттер мугалимдер үчүн чоң стимул болот деп ишенет.

Нарын шаарында 8 орто мектепте 550 мугалим эмгектенет, китеп менен камсыз болуу орус тилдүү мектептерде 83, ал эми кыргыз тилдүү мектептерде 77 пайызды түзөт.

Exit mobile version