Марал Радиосу

Чүйдө балык уулоого кеткен жаранды издөө уланууда

Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен 52 жаштагы адам эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. аттуу жаран балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө суунун жээгинде кийимдери табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылган.

Кечээ, 25-августта жүргүзүлгөн издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 26-августта издөө иштери улантылат.

Exit mobile version