Бүгүн, 25-августта Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Бүгүн, эртең Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.