Марал Радиосу

Белоруссия Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн төртүнчү ирет баш тартты

Беларус бийлиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тарткандыгын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Курманбек Бакиевге карата үч кылмыш иши козголуп, анын негизинде соттун өкүмү менен ал 30 жылга эркинен ажыратылган.

«Башкы прокуратура тарабынан Беларустун көзөмөл органына Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун өкүмдөрүн Беларусь Республикасынын аймагында таануу жана аткаруу жөнүндө өтүнүч катын жөнөткөн. Соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен мурдагы президент 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган. Жалпысынан Курманбек Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча төрт өтүнүч жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Беларустун Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тарткан, анткени алар Бакиевдин соттолушун сайсий куугунтук деп эсептеше тургандыгын билдиришкен.

Башкы прокуратура белгилегендей, Курманбек Бакиевге карата 2016-жылдын 29-июлунда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сырттан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Мындан улам ал камакка алынууга тийиш.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылып, 100гө чукул адамдын өмүрү кыйылган. Андан кийин ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда ал Беларуста жашап жатат.

Exit mobile version