Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми өрөөнүндө күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.