Марал Радиосу

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруу режими токтотулду

Кумөр кени

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Кумтөр» кенине берилген тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу тескемени «Кумтөр Голд Компани» өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Документте «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк эки жуманын ичинде Министрлер кабинетине өз ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу отчетун бериши керектиги белгиленген.

«Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов 23-августта мыйзам бузууларга байланыштуу кызматынан бошотулган.

Кечээ, 25-августта «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти болуп Алмаз Барыктабасов дайындалган.