Марал Радиосу

АКШ Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата 3 млрд долларлык аскердик жардам берди

АКШ бийлигинин расмий өкүлү 23-августта Украина үчүн дагы 3 млрд доллар өлчөмүндөгү аскердик жардам берилерин жарыялады. Бул согуш башталгандан берки алты ай ичиндеги эң ири аскерий жардам пакети болду.

АКШнын бул аскердик жардамы Украинанын бүгүн, 24-августта белгилеп жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналды.

Бөлүнгөн каражат Киевге орто жана узак мөөнөттүү коргонууну күчтөндүрүүгө жардам бере турган дрон жана башка куралдарды сатып алууга багытталган. Ошондой эле АКШ украиналык аскерлерди чет өлкөдө окутуп даярдоого да аракетин баштаганы турат. Буга чейинки курал жеткирип берүү Украинанын шашылыш аскердик муктаждыктарын жабуу үчүн ишке ашырылган болчу.

Соңку маалыматтар боюнча АКШнын Украинага карата аскерий жардамынын жалпы көлөмү 10,6 млрд долларга жеткен.

Сөз болуп жаткан аскердик жардам пакетинде Украинага Американын HIMARS жалпы ок атуучу реактив системалары үчүн снаряддар, Улуу Британиянын буга чейин Украинага жеткирип берген  16 105 мм гаубица, 15 даана ScanEagle чалгындоочу дрону, 40 даана MaxxPro Mine Resistant Ambush Protected брондолгон унаалары, HARM кошумча жогору ылдамдыктагы радарга каршы ракеталары, 1500 даана TOW танкка каршы ракета тсистемалары жана 1000 даана Javelin танкка каршы ракета системалары каралган.

Exit mobile version