Бүгүн, 24-август эртең менен Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон Баткен облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын өкүлү «Маралга» билдирди.
Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы катышты.
Баткен облусунун Кадамжай районунан төрт жаран:
- Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 29.03.1991, Кадамжай райну, Марказ айылы.
- Акылбек уулу Майрамбек — 27.12.1997, Кадамжай шаары.
- Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
- Ирисбаев Алмазбек – 11.07.1978, Кадамжай району.
Ал эми Баткен районунун Табылгы айылынын тургуну, маркум Арыстанбек уулу Нуртилектин сөөгү саат 15:00дө жерге берилет.
21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда.
Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары болгон. Буга чейин ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилгендиги айтылган. Ал эми Жалалабад облусунда маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилген.
Кечээ, 23-августта каза болгон мекендештердин сөөгүн Ош аэропортунан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев коштоп келген.
Облус башчысы жол кырсыктан каза болгон 5 жарандын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ар биринин үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 300 миң сом материалдык жардамын тапшырган.