Марал Радиосу

Зулушев, Төрөбаев жана Ниязбеков Баткендин тургундары менен жолугат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын сентябрь айында улантат. Алар бул жолу Баткен, Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейинки алар Чүй жана Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуп, элдин көйгөйлүү маселелерин угуп, аларды чечүү боюнча убада беришкен.

Жолугушуулардын өтө турган так дареги боюнча кошумча маалымат берилет.

Exit mobile version