Марал Радиосу

Британиянын жаңы өкмөт башчысынын ысымы 5-сентябрда белгилүү болот

Британиянын жаңы өкмөт башчысынын ысымы 5-сентябрда белгилүү болот. Бул тууралуу Sky News телеканалы билдирген.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын жаңы премьер-министринин ким болору 5-сентябрда жарыяланат. Буга байланыштуу иш-чара Вестминстердеги борбордук жайлардын биринде саат 12:30да болуп өтөт.

Учурда өлкөнүн премьер-министрин шайлоо боюнча соңку баскычка келип жеткен. Тактап айтканда консерваторлор партиясынын ичиндеги добуш берүүчүлөрүн натыйжасында, акыркы баскычка Риши Сунак жана Лиз Трасс чыккан. Эми соңку турда консерваторлор добуштарын берип, өкмөт башчы ким болорун аныктайт.

Белгилей кетсек, британ парламентиндеги көпчүлүктү түзгөн консерваторлордун башчысы, мурунку өкмөт башчы Борис Жонсон 7-июлда отставкага кеткен.

Өкмөт башчылыкка атаандашып жаткан Риши Сунак, учурда 42 жашта. Британиянын мурунку каржы министри. Ата теги индиялык болгон Риши Сунак Стэнфорд сыяктуу белгилүү окуу жайларда, экономика, каржы, философия жана саясий илимдер боюнча сабак алып, дүйнөдөгү эң ири каржы корпорацияларында эмгектенген. Өзү негиздеген инвестициялык компаниянын да кирешеси өтө жогору болуп, ал британ саясатчыларынын арасында эң бай адамдардын катарына кирген.

Ал эми Лиз Трасс учурда Британиянын тышкы иштер министри. Ал учурда 47 жашта. Жогорку билимин Оксфорддо алып, Дэвид Камерондун өкмөтүндө Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри кызматын аркалаган. Тереза Мейдин өкмөтүндө юстиция министри, Борис Жонсондун өкмөтүндө тышкы соода министри, андан соң өткөн жылдын сентябрынан тарта өлкөнүн тышкы иштер министри болгон.

Exit mobile version