Connect with us

Ульяновсктогу кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 756 | 0

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.

Ульянов шаарына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Президенттик администрациянын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Джолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков барышып,  Ульянов облусун ӨКМ башкы башкармалыгынын башчысы Михаил Осокин жана орун басары Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM